Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №3

Өрүктү айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү”мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 1-бөлүмчөсүнө ылайык,Өрүктү айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесин жетекчилике алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өрүктү айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (Кыргыз тилинде) кабыл алынсын.

2. Жогоруда аты аталган токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын жана мамлекеттик реестирге каттоого жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткакрылышын көзөмөлдөөӨрүктүайылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Осмонбеков Медетканга жүктөлсүн

 

Айылдык Кеңештин төрагасы

Аким уулу Азамат