Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы №1
Өрүктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын каржы экономика бөлүм башчысы иштеп чыккан Өрүктү айылдык аймагынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Бегалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2.Өрүктү айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 8341,8 миңсом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Өрүктү айыл аймагынын 2018-жылга атайын каражат эсебинин киреше жана чыгаша бөлүгү 730,0миңсом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөӨрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |