Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы №2
Өрүктү айыл аймагын Өрүктү айылынын тургуну Кудайкулов Кошбайдын кайрылуу каты боюнча
Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айылынын тургуну Кудайкулов Кошбайдын Сары-Үнкүр менчик короо сарайына жакын жерде КР нын коргоо министрлигинин машыгуу полигону мындан тышкары чек ара кызматы полигондору жайгашкан. Машыгууда короого авариялык зыяндар келтирилгендиги боюнча Кудайкулов Кошбайдын арызын карап чыгып Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Машыгуу полигону боюнча маселени жеринде барып тактоо иштерин жүргүзүү Өрүктү айылдык Кенешинин депутаттарына ,Өрүктү айыл Өкмөтүнө жер жана турак жай адисине , жайыт комитетинин төрагасына , айылдык Кеңештин агрардык жана экологиялык маселелер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
2.Жогорудагы токтомдун негизинде Өрүктү айыл аймагынын комиссиясынын курамын буйруктун негизинде бекитүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө“Агрардык жана экологиялык маселелер боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |