Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы №3
Өрүктү айыл аймагына караштуу айылдарга трансформатор орнотуу жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагына караштуу Өрүктү, Өрүктү-Сай, Орто-Токой, Чолок-Тума жана Кең-Кол айылдарынын электроэнергиянын сапатын жогорулатуу,жергиликтүү тургундарды толук пайыз энергия менен камсыз кылуу үчүн атап кеткен айылдарга 6 трансформаторду орнотуу максатында Өрүктү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктүайылындагы айылдарга 6 даана трансформатор орнотуу үчүн даярдалган долбоор райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Өрүктү, Өрүктү-Сай,Орто-Токой,Чолок-Тума жана Кең-Кол айылдарына коюла турган трансформаторлордун кубаттулуугу жана орнотулуучу жер аянттары такталсын .
3.Тиешелүү статьялардын негизинде ИТШ даярдоо үчүн айыл аймагынын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүайыл өкмөттүн ФЭБнун башчысы А.Бегалиевага жүктөлсүн
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин өндүрүш өнөр жай комитетинин төрагасы Б.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |