Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты №1
Өрүктү айыл аймагында “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коомунун иш жүргүзүлүүсү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу Соломо участкасында “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коомунун иш жүргүзүлүүсү боюнча айыл аймагынын айылдарындагы коомдук угуулардын протоколдорунун негизинде , “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коому менен өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде Өрүктү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасында “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коому 23 июль 2015-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде карыз болгон 6 900 000 (алты миллион тогуз жүз миң) сом акча каражаты айыл аймактын атайын эсебине которулсун.
2. 2018-жылдын 1 мартынан баштап 31 декабрга чейин ар айдын 28 чейин 1 000 000 ( бир миллион ) сомдон , баары болуп 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине которулсун.
3. Жалпы жумушчулардын 70% Өрүктүайыл аймагынын жергиликтүү тургундарынан жана бир адам жетекчи кызматка “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коомуна жумушка кабыл алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын экологиялык Мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды толугу менен сактоо жана кең казуу жумуштарын мамлекет тарабынан берилген Лицензияга ылайык картада белгиленген долбоордун негизинде жер тилкесинде жүргүзүүсү ЖЧКга милдеттендирилсин.
5. “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коому менен Өрүктүайыл аймагы эки тараптуу келишимди мыйзам чегинде түзүү жагы айыл аймактын башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн
6. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
7. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктүайыл өкмөтүнө жүктөлсүн
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмөкалтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |