Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты №2
Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылдагы жүргүзгөң иши боюнча отчету жана 2018- жылдагы планын жана бюджети бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин 2017-жылдагы жүргүзгөң иши боюнча отчетун угуп жана талкуулап жана 2018- жылдагы планын жана бюджетин бекитүү маселесин карап чыгып Өрүктүайылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылдагы жүргүзгөң иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин сметасы бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2018-жылдагы киреше бөлүгү 753 000 (жети жүз элүү үч миң) сом,анын ичинен салыктар 55800 (элүү беш миңсегиз ) сом,жергиликтүү бюджетке 33% 232 400 (эки жүз отуз эки миң төрт жүз) сом ,жайыт комитетине 67% 464 800 (төрт жүз алтымыш төрт миңсегиз жүз) сом болуп бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда каралган 2018-жылга карта кабыл алынган планы бекитилсин.
5. Жайыт билет берилип жатканда эски жылдан карызы жокпу тактап ,ветеринардык справканын,арызынын жана мал санак актынын негизинде,50% тен кем эмес жайыт акысын төгүп,25 % август айында, калган 25% 1-декабрь айында төгүлсүн
6. Жайыт билетте көрсөтүлгөн малдан ашыкча мал жайлоодо кошумча айып акы алынып жайыт пайдаланууукугу жайыт комитетте каралсын-жайыт комитети менен келишим төзбөй жайыт билетсиз өз алдынча жайыт пайдалангандар үчүн мыйзам чегинде чара көрүлүп административдик айып салынсын.-жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчөп же эрте көчөп келсе,о.э.белгиленген убакытта жайыт акысын өз убагында төлөбөсө жайыт пайдалануу укугунан ажыратуу жагы каралсын -биринчи кезекте жергиликтүү жайыт пайдалануучулар жайыт менен камсыз кылынсын.Артып калган жайыттарды башка айыл аймактардын жайыт пайдалануучуларына коммерциялык негизде берилсин-жайыт пайдалануучулар ири мүйүздүү малга жана жылкыга -100 сом,кой-эчкиге -20 сом,ал эми сырттан келген малдар үчүн коммерциялык негизинде эки эссе нарк жайыт салыгы менен бирге бекитилсин.-Кочкор –Ата жайлоосуна эки көпүрө ,Борду участкасына бир каптаж курулсун.
7. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
8. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктүайыл өкмөтүнө жүктөлсүн
9. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө бюджеттер тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |