Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты №3
Өрүктү айыл аймагына караштуу АВП “Арашан–Булак”2017-жылдагы аткарылган иштери жана 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу “Арашан –Булак” СПАсынын 2017-жылдагы аткарылган иштери жана 2018-жылга киреше ,чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө СПА нын жетекчиси Рысымбетов Бакайдын билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагына караштуу “Арашан –Булак” СПАсынын 2017-жылдагы аткарылган иштери канаттандыралдык деп белгиленсин.
2. Өрүктү айыл аймагына караштуу “Арашан –Булак” СПАсынын 2018-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 335 560 (үч жүз отуз беш миң беш жүз алтымыш) миң өлчөмүндө бекитилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу коммисияга жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |