Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты №4
Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айыл аймактын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл Өкмөтүнө финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобаев Сапарбектин билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл Өкмөтүнө финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобаев Сапарбектин билдирүүсү эске алынсын.
2.Айыл аймактын башчысынын билдирүүсүнүн негизинде кызматтык автоунаа сатылып алынсын.
3. Айыл аймактын атайын каражат эсебине 2018-жылга кошумча түшкөнкирешенин эсебинен аппарат кызматкерлерине транспорттук чыгым үчүн (2214 статья) 200,0 (эки жүз) миңсом,транспорт сатып алуу үчүн (3112 статья) 650,0 (алты жүз элүү) миңсом, курулмалар үчүн (3111 статья) 2000,0 (эки миллион) сом,бардыгы 2850,0( эки миллион сегиз жүз элүү) миңсом акча каражаты жумшалсын.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктүайыл өкмөтүнө жүктөлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөбюджеттик тармактар боюнча туруктуу коммисияга жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |