Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №1
Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясында Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өрүктү айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобаев Сапарбектин билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өрүктү айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобаев Сапарбектин билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине 2018-жылга кошумча түшкөн кирешенин эсебинен төмөнкү чакан долбоорлорго
2.1. Өрүктү айылындагы каналга жөөадамдар жана мал жандыктар өтүүчү көпүрө куруу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу (2 көпүрө ашар жолу менен салынат)
2.2. Өрүктү айылына Сенобаза жана Жаңы айыл участкаларына электр мамыларын жана линия учун сым, ж.б. жабдууларды сатып алуу үчүн
2.3. Өрүктү-Сай айылынын Жалгыз –Кайын Чаар-Айгыр, Ак-Башат участкаларына электр мамыларын жана линия учун сым, ж.б. жабдууларды сатып алуу үчүн
2.4. Өрүктү-Сай айылындагы кооптуу жээктерди бекемдөө үчүн
2.5. Өрүктү-Сай айылынан Арашан –Булакка кеткен 1,5 км жолду сщрщп тегиздёё , Өрүктү-Сай айылынын Жалгыз –Кайын участкасына жана Кең-Кол айылынын Жыл-Булак участкасына кыш мезгилине карата окуучулар үчүн кичи маршруттук унааны каттатуу
(2018-жылдын октябрь айынан баштап 2019-жылдын апрель айына чейин ,ай сайын дизель майына Жалгыз-Кайын участкасына5000(беш миңсом),Жыл-Булак участкасына 5 000 (беш миң) сом акча каражатын айыл аймактын бюджетинен бөлүп берүү)
2.6.Чолок –Тума айылына спорт аянтын куруу үчүн 10 сотых жерди тегиздеп сүрүү.
2.7. Орто-Токой ,Чолок-Тума айылдарына электр мамыларын жана линия учун сым, ж.б. жабдууларды сатып алуу үчүн
2.8. Чолок-Тума айылына суугат суу үчүн дм 500 мм,узундугу 16 м труба сатып алуу.
2.9. Кең-Кол айылынын мазар үчүн белгиленген0 сотых жер аянтын тосмолоо
2.10. Кең-Кол айылындагы Ынтымак көчөсүнөкошумча электр мамыларын жана линия учун сым, ж.б. жабдууларды сатып алуу үчүн.
2.11.Кең-Кол айылындагы ФАПтын айланасын тосмолоо 1 дарбаза ,1 калитка орнотуу.
2.12. Кең-Кол айылындагы спорт аянты үчүн ажыратылган 25 сотых жер аянтын тегиздеп, пландоо.
2.13.Жыл-Булак айылына өтүүчү көпүрөнү ремонт кылуу, периланы орнотуу.
Бардыгы болуп жогорудагы чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн
1 618 100,0 (бир миллион алты жүз он сегиз миңбир жүз) сом акча каражаты бекитилсин.
3.Жогоруда бекитилген каражатты айыл аймагынын бюджетине киргизип, сметаны даярдоо ФЭБ нщн башчысынын милдетин аткаруучу С. Токтобаевге милдеттендирилсин.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөбюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиcсияга жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |