Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №2
Өрүктү айыл аймагына караштуу айылдарда келечекте курулуучу социалдык обьектилердин долбоорлорун даярдоо жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясында Өрүктү айыл аймагына караштуу айылдарда келечекте курулуучу социалдык обьектилердин долбоорлорун даярдоо боюнча Өрүктү финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобаев Сапарбектин билдирүүсүнүн негизинде Өрүктүайылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айыл аймагына караштуу айылдарда келечекте курулуучу социалдык обьектилердин долбоорлорун даярдоо боюнча Өрүктү айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтобаев Сапарбектин билдирүүсү эске алынсын.
2.Өрүктү айыл аймагынын 2018-жылга кошумча түшкөнкирешенин эсебинен төмөнкү социалдык обьектилерге :
1.1.Өрүктү айылынын жалпы узундугу 2,4 км борбордук көчөсүн жарыктандыруу
1.2. Өрүктү айылындагы маданият щйщн ремонттоо
1.3.Өрүктү айылына борбордук көчөнүн жээгине Кара-Сай участкасынан баштап Үч-Терек мектебине чейин тротуарды куруу.
1.4.Өрүктү-Сай айылына Жаңы кичи футбол аянтын куруу.
1.5.Кең-Кол айылына жалпы узундугу 20 км таза суу линиясын тартуу.
1.6. Өрүктү,Өрүктү-Сай,Орто-Токой ,Чолок-Тума айылдарына жалпы узундугу 25 км таза суу линиясын тартуу.
1.7.Айыл өкмөттүн имаратына кошумча 4 бөлмө имарат куруу, эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү.
1.8.Айыл аймактын 9 га жангак багын тосмолоп, эс алуу паркын уюштуруу.
1.9.Үч-Терекорто мектебине ашкана, навес куруу (АПШ,ИТШ, изысканиелери , техусловиясы бүткөн ) боюнча социалдык обьектилердин долбоорлору даярдалсын.
2.Келечекте курулуучу социалдык обьектилердин долбоордук сметалык документтерин даярдоо Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р. Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөбюджеттик тармактар боюнча туруктуу коммисияга жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |