Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №3
Өрүктү айыл аймагындагы айылдарга “Таза Суу” долбоорлорун даярдоо үчүн жер аянтын тактап, ажыратып жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү, Өрүктү-Сай, Орто-Токой, Чолок-Тума жана Кен-Кол айылдарына “Таза Суу” долбоорун даярдоо үчүн суу дамбанын курулмаларын курууга жер аянтын мыйзам чегинде тактап, ажыратып берүүмаксатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү, Өрүктү-Сай, Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарына “Таза Суу” долбоорун даярдоо үчүн суу дамбанын (резервуар) курулмаларын курууга Өрүктү-Сай айылынан жер аянтын мыйзам чегинде тактап, ажыратып берүү Өрүктүайыл Өкмөтүнө башчысына милдеттендирилсин.
2.Кен-Кол айылына “Таза Суу” долбоорун даярдоо үчүн суу дамбанын (резервуар) курулмаларын курууга Кен-Кол айылынан жер аянтын мыйзам чегинде тактап, ажыратып берүү Өрүктү айыл Өкмөтүнө башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер, Өзгөчө кырдаалдар , экология боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |