Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №4
Өрүктү айыл аймагына караштуу Кең-Кол айылынын тургуну Кодирова Гүлүмкандын кайрылуу катын кароо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу Кең-Кол айылынын тургуну 3-чү топтогу майып Кодирова Гүлүмкандын материалдык колдоо жөнүндөгү 2018-жылдын 12.04.кайрылуу катынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кең-Кол айылынын тургуну Кодирова Гүлүмкандын материалдык колдоо көрсөтүү боюнча кайрылуу катынын негизинде жерине барып жашоо шартын карап чыгуу, социалдык колдоого муктаж экендигин аныктоо жана акт түзүү айыл аймактын социалдык иштер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
2. 3-топтогу майып Кодирова Гүлүмканга социалдык иштер боюнча комиссиясы тарабынан түзүлгөн актынын негизинде мыйзам чегинде материалдык колдоо көрсөтүү жагы каралсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |