Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №5
Өрүктү айылдык аймагынын жайыт комитети менен АРИС программасынын ПРЖР-2 долбоорунун алкагында атайын техника сатып алуу жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы кщн тартибиндеги маселени карап чыгып айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык аймагынын жайыт комитетинин жана АРИС программасынын ПРЖР-2 долбоорунун алкагында жайыттарга атайын техника сатып алуу үчүн өздүксалым катары Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебинен 850 000 (сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айыл аймагынын ФЭБнун башчысынын милдетин аткаруучу С.Токтобаевге жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |