Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №1
Өрүктү айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша боюнча долбоорун жана 2020-2021-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга киреше жана чыгаша боюнча долбоорун жана 2020-2021-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолун бекитүү максатында айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айылдык аймагынын 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 10162,0 миңсом, анын ичинен бюджеттик каражат 9432,0 миңсом,атайын каражат 730,0 миң сом., 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу 10726,5 миң сом анын ичинен бюджеттик каражат 9976,5 миңсом,атайын каражат 750,0 миңсом , 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу 11210,5 миңсом анын ичинен бюджеттик каражат 10435,5 миңсом,атайын каражат 775,0 миңсом деп бекитилсин.
2.Өрүктүайыл аймагынын айыл Өкмөтүнө финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу С.Токтобаевдин түзгөн долбоору жактырылсын.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышы финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Токтобаевге милдеттендирилсин.
2.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктүайыл өкмөтүнө жүктөлсүн
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |