Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2
Айыл аймактын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү жана толууктоолорду киргизүү, аймактын социалдык обьектилеринин ремонт иштерине акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы Өрүктүайыл Өкмөтүнө ФЭБнун башчысынын милдетин аткаруучу С.Токтобаевдин, УДТ нын башкы медайымы Ирисматова Гүлйшанын Өрүктү-Сай айылынын ФАПнын башчысы Абдураимова Зейнептин, Кең-Кол айылынын ФАПнын башчысы Термечикова Айнуранын, №16 “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүүуюмунун директору Сапарова Буайшанын, Өрүктү айылынын Боронбаев атындагы көчөсүнүн тургундарынын арыздары боюнча түзүлгөн бирдиктүү комиссиянын деффектик актыларынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагына караштуу билим берүү ,саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчыларынын жана ФЭБнун башчысынын милдетин аткаруучунун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. 2018-жылга кошумча түшкөнатайын каражаттын эсебинен социалдык обьектилердин ремонт иштери үчүн
-Өрүктү-Сай айылынын ФАПын толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 156 700 (бир жүз элүү алты миң жети жүз) сом акча каражаты,
-Өрүктү айылынын УДТ сына 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты,
- Кең-Кол айылынын ФАПнын имаратын ремонт иштери жана ажаткана куруу жумуштарына 54 000 (элүү төрт миң) сом акча каражаты,
-№16 “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүүуюмунун отунканасына 000 (бир жүз он тогуз миң ) сом, пластик эшик- терезелерине 98 000 ( токсон сегиз миң) сом,
-А.Боронбаев көчөсүнө женил автоуналар өтүүчү көпүрө куруу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга 93 550 (токсон үч миң беш жүз элүү )сом акча каражаты,
-Өрүктү айыл Өкмөтүнө имаратына интернет кызматын щзгщлтщксщз камсыз кылуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом ,баары болуп 611 250 (алты жүз он бир миңэки жүз элүү ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5. Бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде, өз максатында пайдалануу айыл аймактын башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
6. 00Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөБюджеттик комитетине жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |