Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №3
Өрүктү айылынын көчөсүнө белгилүү инсан Калыгулов Жоробектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
2018-жылдын 10-майындагы жергиликтүү тургундарынын жалпы жыйынынын протоколунун негизинде согуштун катышуучусу,белгилүү инсан ,ардагер Калыгулов Жоробектин ысымын ыйгаруу максатында Өрүктү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргызстандын саясий,социалдык –экономикалык жана укуктук абалын чыъдоого чоъ салымын кошкон ,бир топ ордендердин ,медалдардын сыйлыктардын ээси,республикалык маанидеги персоналдык пенсионер маркум Калыгулов Жоробектин ысымын Өрүктү айылынын Кара-Сай участкасынын көчөсүнө ыйгарылсын.(Автозаправкадан баштап жангак багына чейин).
2.Тийиштүү кагаздарды тактоо жана документтерди даярдоо иниси Умаров Өскөнбайга милдеттендирилсин
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайылдык Кеңештин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурлан уулу Бекжанга жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |