Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-августу №1
Айыл аймактын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү жана толууктоолорду киргизүү,аймактын социалдык обьектилеринин ремонт иштерине акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө ФЭБнун башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү боюнча түзүлгөн бирдиктщщ комиссиянын деффектик актыларынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө ФЭБнун башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2018-жылга кошумча түшкөнатайын каражат эсебинен: -Өрүктү айыл Өкмөтүнө имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн курулуш материалдарын сатып алууга
1 944 100 (бир миллион тогуз жүз кырк төрт миң бир жүз) сом
-А.Жуманазаров атындагы мектебинин жылуулук системасын кайрадан Жаңылоо үчүн 434 000 (төрт жүз отуз төрт ) миң сом
- Үч-Терекорто мектебинин эки классынын полдорун Жаңылоо жана мектептин спортзалынын ремонтуна 525 000 (беш жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты, Баары болуп: 2 903 100 ( эки миллион тогуз жүз үч миң бир жүз ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде, өз максатында пайдалануу айыл аймактын башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөБюджеттик комитетине жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |