Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-августу №4
Айыл аймактын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү жана толууктоолорду киргизүү, Өрүктү айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу долбоорун ишке ашыруу үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Кийикбаевдин билдирүүсү боюнча Өрүктү айылынын борбордук көчөсүн жарыктандаруу долбоорун карап чыгып Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Кийикбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. 2018-жылга кошумча түшкөн атайын каражат эсебинен-Өрүктү айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу үчүн 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде, өз максатында пайдалануу айыл аймактын башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджеттик комитетине жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |