Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-августу №5
АРИСтин ПРЖР-2 долбоору алкагында жалпы эле жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн керектөөлөрүнжана муктаждыктарын эске алып атайын жана айыл чарба техникаларын,шаймандарын сатып алуу жана жайыттарга баруучу көпүрөлөрдү куруу, көчмө кыркым сатып алуу долбоорлорун жактыруу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын 5 айылында (Өрүктү,Өрүктү-Сай,Орто-Токой,Чолок-Тума, Кең-Кол ) жалпы элдикжыйындар,фокус топтор жана потенциалды жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн. Элдердин негизги көйгөйү катары малга тоют даярдоо үчүн айыл чарба техникаларын шаймандары менен сатып алуу ,жайыттарга баруучу көпүрөлөрдү куруу, көчмө кыркым сатып алуу ж.б. маселелер көтөрүлүп чыккан.Жогорудагы долбоорлорду жактыруу,Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебинен жана жайыт комитетинин бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча жайыт комитетинин билдирүүсүн жана бюджет,инвестиция,муниципалдык менчик,мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп,талкуулап, Өрүктү айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.АРИСтин ПРЖР-2 долбоору боюнча:
-фронтальный погрузчик-1 даана
-МТЗ 82 тракторлорун сатып алуу-2 даана
-Пресс-подборшик сатып алуу-1 даана
-Плуг (соко) сатып алуу-1 даана
Өрүктү-Сай айылы Кысык участкасына Жаңы көпүрө куруу -1 даана
Кең-Кол айылына көпүрө куруу -1 даана
Көчмөкыркым агрегатын бардык комплекти менен сатып алуу жөнүндөгщ долбоорлор жактырылсын.
2.АРИСтин ПРЖР-2 долбоорлорунун алкагында жогорудагы долбоорлордун проектилерин,сметаларын жана башка керектщщ документтерин даярдоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Арзыматовго милдеттендирилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайыл аймагынын башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |