Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №2
Айыл аймактын атайын каражат эсебинен аймактын социалдык обьектисинин ремонт иштерине кошумча акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Орто-Токой айылындагы Үч-Терек орто мектебинин спорт залынын ремонтоодо кошумча иштерди аткаруу зарылчылыгы пайда болгондугуна байланыштуу , анын ичинен курулуш материалдарын сатып алуу боюнча атайын комиссия барып 08.10.2018 –жылы түзүлгөн бирдиктүү комиссиянын деффектик актысынын жана түзүлгөн сметанын негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга айыл өкмөттүн атайын каражаттын эсебинен Үч-Терекорто мектебинин ремонт иштери үчүн кошумча 137 000 (бир жүз отуз жети миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2.Бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүп берүүжагы ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөбюджеттик комитетине жүктөлсүн .
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |