Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы № 11
“Фрунзенское-1” СПАнын мүдүрү Н.И. Крысановдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылын 17-октябрындагы № 649 токтомунун негизиндеги “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоордун алкагында Фрунзенское-1” СПАнын алган 50 пайыздык техникалык насыяны кайтаруу үчүн Фрунзе айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында кепилдик болууга макулдук берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылын 17-октябрындагы №649 токтомуна ылайык Фрунзенское-1” СПАнын алган 50 пайыздык техникалык насыяны кайтаруу үчүн Фрунзе айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында кепилдик болууга макулдук берилсин.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылын 17-октябрындагы №649 токтомунун шарттары боюнча ассоциация өз убагында карызды кайтарып бербесе айыл өкмөтү өздүк каражаттарынан кайтарып берүүгө милдеттенет.
3. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы кепилдик берүү жөнүндө келишимге кол коюуга укуктуу.
4. “Фрунзенское-1” СПАнын мүдүрү Н.И. Крысанов ар бир жылдын аягында 50 пайыздык техникалык насыяны кайтаруу жөнүндө отчет берип турсун.
Төрага |
| Токоев К.О |