Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №5
Өрүктү айылдык Кеңешинин депутаттарынын курамын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Өрүктү айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын депутаты Усенбаева Нурила Жуманазаровна 2018-жылдын 10 сентябрында №17 А.Жуманазаров атындагы орто мектебинин директору болуп дайындалгандыгына байланыштуу Өрүктүайылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Усенбаева Нурила Жуманазаровнанын арызы канааттандырылсын.
2.Мёёнётщнён мурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгндыгына байланыштуу, депутаттык мандаты кийинки турган депутатты дайындап берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |