Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-ноябры №1
Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан Өрүктүайыл аймагынын Өрүктү,Өрүктү-Сай ,Орто-Токой,Чолок-Тума,Кең-Кол айылдарынын иштелип чыккан генералдык планды бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы трабынан Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү,Өрүктү-Сай Орто-Токой, Чолок- Тума,Кең-Кол айылдарынын иштелип чыккан генпландын долбоорун карап чыгып филиалдын директору Асилбеков М.Ш. маалыматын угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү,Өрүктү-Сай ,Орто-Токой,Чолок-Тума,Кең-Кол айылдарынын жасалган генпландын долбоору толугу менен бекитилсин.
2.Участкаларды бөлүштүрүү жагы КР Жер Кодексинин 13 статьясынын 3 пунктуна ылайык бекитилген генпландын негизинде жүргүзүлсүн.
3.Бекитилген генпланга өзгөртүүлөржана толуктоолор филиалдын макулдугу менен аткарылсын.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |