Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №1
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалган долбоорго айыл аймактын атайын каражат эсебинен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айылынын Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү, Өрүктү-Сай айылына кичи футбол аянтын куруу максатында, республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттка даярдалган долбоорлорго айыл аймактын атайын каражат эсебинен өздүк салымын бөлүп берүү үчүн Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү-Сай айылына курула турган кичи футбол аянтчасына айыл аймактын атайын каражат эсебинен өздүк салым катары 1 262 733 (бир миллион эки жүз алтымыш эки миң жети жүз отуз үч ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Өрүктү айылынын Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл аймактын атайын каражат эсебинен 436 889 (төрт жүз отуз алты миңсегиз жүз сексен тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүдө эски чатырдын жарактуу курулуш материалдарын сатуу жана иштетүү үчүн аукцион жарыялансын.
4.Акча каражатын бөлүп берүүайыл өкмөттүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн
5.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
7.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |