Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №3
Айылдык аймакта жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү үчүн ,АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында “Өрүктү жайыт пайдалануучулар бирикмеси” даярдаган долбоор боюнча келген ХСМG L W 500 FN маркасындагы атайын техникага, МТЗ-82 тракторлоруна( 2 даана), сокону эксплуатациялоого механизаторлорду тандап алуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы күн тартибиндеги маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагына алынып келинген фронтальный погрузчик ХСМG L W 500 FN маркасындагы атайын техниканы, МТЗ-82 тракторлорунан ( 2 даана), сокону пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет,мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына,жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планынын негизинде жогоруда аталган техникалар максатка ылайык пайдалануу үчүн берилсин.
2.Механизаторлорду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндөгщ Жобо бекитилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |