Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-майы №13-1
Мундуз айылынын тургуну Н.Темирбекованын арызы жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 22-май 2019-жылдагы протоколуна, Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 21-май 2019-жылдагы №01-14/м-109 чечимине таянып, Мундуз айылынын тургуну Темирбекова Нуркан Темирбековнанын арызын канааттандыруу максатында мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылынындагы Темирбекова Нуркан Темирбековнанын жеке менчигине бөлүнүп берилген мамлекеттик системалык номери №3-05-07-1014-0060 коду менен катталган 0,08 га жер аянты Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алынсын.
2. Жер участогун кайрадан каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Маканбаев |