Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №14-1
Кызыл-Сеңир айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кызыл-Сеңир айылынын жашоочулары менен айыл өкмөттүн жер комиссиясынын биргеликте өткөргөн отурумунун протоколун негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын жаштарынын демилгеси, айыл жамаатынын каражаты менен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылынан муниципиалдык менчиктеги борбордук стадиондун ичиндеги жерден кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жана керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын колго алып, келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Маканбаев |