Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №14-2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун божомолун бекитүү жөнүңдө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорунун 2020-2021-2022-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнун башчысы Г.Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2020-жылга божомолу 17719,4 миң сом, теңдөө грантынын көлөмү 11550,4 миң сом, 2021-жылга божомолу 18995,0 миң сом, теңдөө грантынын көлөмү 11120,9 миң сом, 2022-жылга божомолу 19214,0 миң сом, теңдөө грантынын көлөмү 11120,9 миң сом, өлчөмүндө жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кенештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына жана айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Маканбаев |