Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы № 12
Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы К.О.Токоевдин КӨИА тарабынан алынган HBDG P180 автогрейдерди (модели P180, сериялык номери 1809018, кыймылдаткычтын номери GUB1700492) айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КӨИА тарабынан алынган HBDG P180 автогрейдер (модели P180, сериялык номери 1809018, кыймылдаткычтын номери GUB1700492) айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. HBDG P180 автогрейдерди оперативдүү пайдалануу үчүн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн “Тазалык-Сервис” Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жакшылануу комбинатына берилсин.
3. “Тазалык-Сервис” Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жакшылануу комбинатынын мүдүрү HBDG P180 автогрейдердин абалын контролдосун.
4. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы “Тазалык-Сервис” Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жакшылануу комбинатынын мүдүрү Байысбек у.Б. аркылуу жана Жайыт комитетинин төрагасы А.Худайбергенов менен HBDG P180 автогрейдерди колдонуу жана тейлөө боюнча үч тараптуу келишим түзсүн.
Төрага |
| Токоев К.О |