Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №14-3
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү атуулдар “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Айылчиев Ысак Баатырович- Таштак айылынын тургуну, эл агартуунун отличниги;
Нарматов Орозбек Шабданович– Таштак айылынын тургуну, эмгек ардагери;
Максытов Советбек Байтөрөевич- Соку-Таш айылынын тургуну, ардагер мугалим;
2. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү атуулдар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
Матыев Максатбек Масыркулович- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, маданият кызматкери;
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Маканбаев |