Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы № 13
Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты К.М. Доолокееванын Советтик аскерлердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 30 жылдык юбилейин белгилөө жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик эсептен 83,3 миң сом суммадагы акча каражаты бөлүнсүн:
· Советтик аскерлердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 30 жылдык юбилейин белгилөө күнүндө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 11 АДР катышуучуларына 5,0 миң сомдон;
· 11 АДР катышуучуларына 1,4 миң сомдон юбилейлик медалга;
· Салтанаттуу түшкү тамактанууга 1,0 миң сомдон;
· Гүл алууга 0,9 миң сом;
· Ташып алып барууга 1,0 миң сом.
2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 74-жылдыгын майрамдоого карата 11 АДР катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү үчүн 5,0 миң сомдон акча каражаты бөлүнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Тюлемишовага жүктөлсүн.
Төрага |
| Токоев К.О |