Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 24-сессиясы

 

2019-жылдын 30-майы №24/92

Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигиндеги шаардык ички иштер бөлүмү жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 28–январындагы №32 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигиндеги шаардык ички иштер бөлүмү жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин балансына өткөрүлүп берилбесин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым:

У.Дарипова