Загрузка документа…
КЫЗЫЛ КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №24/93
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2019-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 23–апрелиндеги №22 протоколунун чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө ишкананын жетекчиси А. Сатыбалдиевдин отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата иш планы жактырылсын.
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин жетекчилигине (А.А.Сатыбалдыевге) милдеттендирилсин:
– калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланып жаткан долбоорду ишке ашыруунун алкагында, шаардын долбоорго кирген көчөлөрүндөгү ички суу түтүктөрүн сапаттуу алмаштырууну камсыз кылуу жагы;
– ичүүчү сууну Исфайрам жана Кулуштан водоводдорунан келүүчү суулардын дебетин жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардагы көчө комитеттери кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары жана шаарга караштуу айылдардын айыл башчылары менен биргеликте шаар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, суу берүүчү колонкаларга вентильдерди орнотуу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү эсептегичтерди орнотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы;
дебитордук карыздарды кыскартуу, ичүүчү, сугат сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү төлөөнү банк аркылуу жүргүзүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү жагы;
депутаттык комиссиянын справкасында көрсөтүлгөн кемчилдиктерди тез арада четтетүү, четтетүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматты 10 күндүк мөөнөттө берүү жагы;
депутаттар тарабынан берилген суроо-талаптарга 1 жумалык мөөнөттө кат жүзүндө жоопторду берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | У.Дарипова |