Загрузка документа…
КЫЗЫЛ КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №24/94
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 23–апрелиндеги №22 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2018–жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаковдун отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын.
Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаковго милдеттендирилсин:
«Караван» аймактык башкармалыгы тарабынан 2018–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлгөн жазгы–талаа иштеринде, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда орун алган кемчиликтерди быйылкы 2019–жылда болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы;
2019–жылга белгиленген айыл чарба эгиндеринин, өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүн өндүрүү үчүн дыйкандарды техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, сугат суу, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен өз убагында камсыз кылуу, кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноого комбайндарды алып келүү иштерине көмөктөшүү жагы;
кайра бөлүштүрүү жер фондусун пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ижара акылардын толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;
2019–жылга кабыл алынган иш чараларды өз убагында аткаруу максатында, иш чараларды мамлекеттик сатып алуулар порталына 2019–жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин жарыялоону камсыз кылуу жагы;
элдердин тамаркаларын жана үлүш жерлерин сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Караван–Көк–Талаа магистралдык жолун реабилитациялоонун алкагында, жолду кесип өткөн суу өткөрүүчү түтүктөрдүн, көпүрөөлөрдүн, айрыкча “Палван” чайканасынын жанындагы көпүрөөнү суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча реконструкциялоо иштерин өз көзөмөлүнө алуу жагы.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | У.Дарипова |