Загрузка документа…
КЫЗЫЛ КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №24/95
Калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча Кызыл-Кыя РЭТинин 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 23–апрелиндеги №22 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя РЭТинин шаар калкын, өнөр жай жана социалдык объекттерди электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, 2018–2019–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо жана техникалык, коммерциялык жоготууларды, дебитордук карыздарды азайтуу боюнча 2018–жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Кызыл–Кыя РЭТинин жетекчиси М.Аттокуровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя РЭТинин жетекчилигине (М.Аттокуровго) шаар калкын, өнөр жай жана социалдык объекттерди электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, 2019–2020–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо иштерин белгиленген мөөнөттөргө бүтүрүүнү камсыз кылуу, техникалык, коммерциялык жоготууларды, дебитордук карыздарды азайтуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди жоюу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя РЭТинин жетекчилигине (М.Аттокуровго) шаардын жана шаарга караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын аймагындагы ээсиз, кароосуз калган трансформатордук подстанцияларды (ТП), электр мамычаларын жана аба чубалгыларын шаардын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти (А.Эрматов) жана «Караван» аймактык башкармалыгы (Н.Кыпчаков) менен биргеликте Кызыл–Кыя РЭТинин балансына алуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзсүн.
4. Кызыл-Кыя РЭТинин жетекчилигине (М.Аттокуровго) шаардык кеӊештин депутаттар тарабынан берилген сын-сунуштар жана суроо-талаптар боюнча 1 жумалык мөөнөттө кат жүзүндө жоопторду берүү жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | У.Дарипова |