Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-апрели №123
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктердин сатылышын чектөө жөнүндө
Самаркандек айылдык Кенешинин депутаты А Абдилатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктер күндүзгү саат 15-00 дөн 17-00 гө чейин сатылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында куюлуп сатылуучу спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
3. Спирттик ичимдиктерди сатуучу соода жайларынын санитардык абалын текшерүү жагы Баткен райондук ооруулардын алдын-алуу жана санитардык-эпидемолигиялык станциясынан суралсын.
4. Спирттик ичимдиктерди сатуу эрежесин бузган жарандарга мыйзам чегинде айып пул салуу жагы бузуулар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Спирттик ичимдиктерди чектөө мөөнөтүн эл арасында кеңири жайылтуу,
түшүндүрүү,аталган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө, бузуулар боюнча комиссиясына, айыл башчыларына, аймактык милиция бөлүмчөсүнө милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Самаркандек айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: | Дыйканов О. |