Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты №14
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекитилген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунунТалас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кара-Суу айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 32- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кара-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | Эсенкул уулу Памир . |