Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №18
Талас райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун Талас району боюнча Таза-суу муниципалдык ишканасына уюштуруучу болуп кирүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл өкмөтү Талас райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасына башка уюштуруучу айыл өкмөтү катарында уюштуруучу мүчө катары бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Талас райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасынын уюштуруучу мүчөлүгүнөн ажыроо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Төраганын орун басары: | Р.Кабылов. |