Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №19
Кыргызстан ассоциясынын ден-соолук комитетинин долбоору аркылуу түшкөн акча каражаты жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун Кыргызстан ассоциясынын ден-соолук комитетинин долбоорунун негизинде бериле турган 1 000 000 млн сом акча каражаты жана андан тышкары элдик салым 150 000 сом ошондой эле айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым 150 000 сом, жалпы 1 300 000 акча каражаты жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин башкаруу тармагынын атайын счетуна пландан тышкары Кыргызстан ассоциясынын ден-соолук комитетинин долбоору аркылуу түшүүчү 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты киреше бөлүгүнүн планына отургузулсун.
2. Кара-Суу айылына волейболдук аянтчасын куруу үчүн атайын счеттон 685 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Береналиев Мырзабек атындагы күрөш залына шаймандарды алуу үчүн атайын счеттон 315 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Кара-Суу айылдык аймактык кенешинин 2019-жылдын 27-мартындагы №8 токтомунун 4-пунктуна өзгөртүү киргизилсин. Кыргызстан ассоциясынын ден-соолук комитетинин долбоору аркылуу келген айылдын сергек жашоосуна умтулуу максатында волейбол аянтчасынын курулуш иштери үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000 сом акча каражаты өздүк салым катары жумшалсын
5. Элден чогултулган 150 000 сом акча каражаты атайын счетко салынып, курулуш иштерине жумшалсын.
6. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Р.Кабылов. |