Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №8
Талды-Булак айылындагы А.Өзүбеков атындагы спорт комплексти ижарага берүү жөнүндө
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2-кезектеги сессиясынын №2 протоколунун негизинде Талды-Булак айылындагы А.Өзүбеков атындагы спорт комплексти туура пайдалануу, келечек муундар үчүн аны сактоо, спортту өнүктүрүү максатында комплексти ижарага берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Өзүбеков атындагы спорттук комплекстин кичи-футбол аянтчасын Рустанбек уулу Ислам менен түзүлгөн ижара мөөнөтүн бир тараптуу токтотулсун.
2. Кичи-футбол аянтчасын ижарага Жаилов Болотко келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
3. Кичи-футбол аянтчасына ойноо үчүн 1 (бир) саатка 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
4. Комплексти өнүктүрүү үчүн иш-план аткарып чыксын.
5. Айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү иштерин, тазалыкты сактоо милдеттендирилсин.
6. Жаилов Болот келишимде көрсөтүлгөн бардык талаптарды аткарууга милдеттендирилсин жана аткарбаган учурда бир тараптуу токтотулаары эскертилсин.
7. Келишимди түзүп жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго жүктөлсүн
Төрага:: | А.Джумаев . |