Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-марты №6
Осмонкулов айылдык аймагынын «Ардактуу атуулун» берүү жөнүндө
Осмонкулов айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгисин ыйгаруу жөнүндө Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезектеги сессиясынын №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айылдык аймагынын маданиятына, саламаттыгына жана социалдык-экономикасына кошкон зор салымы үчүн Ардактуу эс алуудагы Алымкулова Сыйнат Курманбековнага Осмонкулов айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси ыйгарылсын.
2. Осмонкулов айылдык аймагынын билим берүү тармагына жана социалдык-экономикасына кошкон зор салымы үчүн Шейшенов Бактыбек Ажымуратовичке Осмонкулов айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси ыйгарылсын.
3. Осмонкулов айылдык аймагынын маданиятына жана социалдык-экономикасына кошкон зор салымы үчүн Ардактуу эс алуудагы Акматов Суюнбайга Осмонкулов айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси ыйгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага:: | А.Джумаев . |