Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-марты №3
Түрткү берүүчү грант аркылуу каржылана турган долбоорун ишке ашыруу максатында өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө
Осмонкулов айыл өкмөтүнүн Түрткү берүүчү грант аркылуу каржылана турган «С.Ибраимов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү» боюнча жалпы суммасы 3 447 785 сомдук долбоорго өздүк салым 447 785 сом акча каражатын 2019-жылдын бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезектеги сессиясынын №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «С.Ибраимов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү» боюнча жалпы суммасы 3 447 785 сомдук долбоорго өздүк салым 447785 сом акча каражатын 2019-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага:: | А.Джумаев . |