Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыдын 16-июну №19
Көк-Сай айылынын жарандарынын арыздарын кароо
15-июнь 2018-жылы саат 14:40та катуу жааган жаандын кесепетинен Көк-Сай айылында кыян жүрүп айрым дыйкандардын айдаган эгин, картошкаларын алып кеткендиги жөнүндөгү маалыматты карап талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылындагы жүргөн кыяндын кесепетинен жабыр тарткан төмөндөгү
дыйкандардын айыл банктан алган кредиттеринин мөөнөтүн узартып берүү жагы Айыл банктын жетекчилиги жагынан суралсын. (керектүү материалдар тиркелет)
Урмамбетов Ашуубай
Урмамбетов Анарбек
Асаналиев Кубан
Камчыбеков Илияз
2. Тиешелүү материалдарды даярдоо, мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан жардамдарды табуу айыл өкмөтүнүн башчысы И. Көөкөрөвго милдеттендирилсин.
Төрага:: | Ж.Мамбетов. |
Катчы: |
Р.Белекова |