Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыдын 16-июну №22
Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер А. Садыкованын 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
Болжолдуу кирешелер бөлүгү: миң сом
№ | Кирешенин түрлөрү | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл |
1 | Айыл өкмөтүнүн өздүк киреше бөлүгү | 3 909,3 | 3 925,5 | 3 931,7 |
2 | Теңдештирүүчү гранттар | 4 984,0 | 4 954,3 | 5 188,8 |
| Баардыгы: | 8 893,3 | 8 879,8 | 9 120,5 |
Болжолдуу чыгашалар бөлүгү: миң сом
№ | Чыгышалар | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл |
1 | Аппарат бөлүмү | 4 482,9 | 4 432,0 | 4 63,0 |
2 | Маданият бөлүмү | 1 626,0 | 4 665,9 | 1 706,2 |
3 | Билим берүү бөлүмү | 1 589,3 | 1 557,4 | 1 577,4 |
4 | Турмуш тиричилик чарба бөлүмү | 863,7 | 373,7 | 876,1 |
5 | Экономикалык маселелер бөлүмү | 330,8 | 330,8 | 330,8 |
| Баардыгы | 8 893,3 | 8 879,8 | 9 120,5 |
2. Жергиликтүү бюджеттин өз багытында так аткарылышы, бюджеттик каражаттардын мыйзамдуу пайдаланышын көзөмөлгө алуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер А. Садыковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И. К. Көөкөровго милдеттендирилсин.
4. Бюджет мыйзамынын негизинде бюджеттин ачыктыгын камсыздоо максатында маалымат такталарына илинсин.
Төрага:: | Ж.Мамбетов. |