Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыдын 16-июну №24
Ак-Сай өзөнүндөгү Чокмор-Ата участкасына БСР куруу жөнүндө
Ак-Сай өзөнүндөгү Чокмор-Ата участкасына БСР куруу тууралу маселени карап талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чокмор-Ата участкасына БСР куруу боюнча документтерди даярдоо жагы Тоң райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.
2. БСРдин курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн керектелүүчү акча каражатты Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан бөлдүрүп берүү жагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы И. Көөкөровго тапшырылсын.
Төрага:: | Ж.Мамбетов. |