Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-октябры №28
Болот Мамбетов айыл окмотунун 2018-жыл 9 айга бекиген жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы ашык аткарылгандыгына жана ашык түшкөн кирешелердин эсебинен отчеттук мезгилде күтүлбөгөн чыгымдарды төлөө жөнүндө
Болот Мамбетов айыл окмотунун 2018-жыл 9 айга бекиген жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы ашык аткарылгандыгына жана ашык түшкөн кирешелердин эсебинен отчеттук мезгилде күтүлбөгөн чыгымдарды төлөө зарылчылыгы келип чыккандыгына байланышкан маселени карап талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.70111 аппарат бөлүмүнүн
-22 211 100 “Имараттарды жана жайларды учурдагы ондоо” беренесине 1,0 мин. сом
Коомдук профилактикалык борбордо учурдагы ондоого иштерин жургүзүүгө жумшалсын
-22 1545 900 “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу “ беренесине жалпы 68,0 мин сом: а.и. 8,0 мн сом басма сөз кызматына жарыя берүү үчүн төлөөгө; 50,0 мин сом Эшперов айылында курулуп жаткан 50 орундук бала бакчанын ПСД сын түзүүгө;10,0 мин сом 10 даана “Ардактуу атуул”төш белгисин жасатуу кызматын төлөөгө жумшалсын
-31 123 230 “Компьютерлердин камсыз кылууларын алуу”беренесине жалпы 58,0 мин сом: а.и. 40,0 мин сом коомдук профилактикалык борборго компьютер жана принтер;18,0 мин сом социалдык коргоо бөлүмүнө процессор алууга бөлүнсүн
-31 123 290 “Башка эмерек жана жабдууларды сатып алуу” беренесине 101,0 мин сом Эшперов айылында курулган 50 орундук бала бакчага алына турган ашкана жабдууларынын өздүк салымын төлөөгө жумшалсын
-31 123 220 “Кенсе камсыз кылууларын алуу” беренесине жалпы 45,9 мин сом а.и: 33,9 мин сом коомдук профилактикалык борборго стул,столдорду,электрожылыткыч алууга; 12,0 мин сом Айылдык Кенештин кабинетине стулдарды алууга жумшалсын
2. 70823 клуб бөлүмүнө
-22 154 900 “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу “беренесине 63,0 мин сом Көк-Сай айылындагы кичи футбол аянтчасын ачуу аземине чыгымдоого жумшалсын
-22 211 300 “Жабдууларды жана шаймандарды учурдагы ондоо” беренесине 1,2 мин сом Ак-Сай клубуна интернет тармагына кошулуу үчүн модем алууга жумшалсын
-22 211 200 “Курулмаларды учурда ондоо”беренесине 8,0 мин сом Көк-Сай айылындагы клубдун ажатканасына бетон шакекчелерин алып орнотууга жумшалсын
3. 70629 ЖКХ бөлүмүнүн
-22 154 900 “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу” беренесине жалпы 100,0 мин сом а.и. 70,0 мин сом Ак-Сай айылындагы скважина курууга юридикалык документтерди алууга; 30,0 мин сом өкмөттүн аймагында ЖКХ түзүү үчүн юрист-эксперт жалдоо чыгымын төлөөгө жумшалсын
-22 141 100 “Бензин,дизельдик жана башка күйүүчү майлар” беренесине 90,5 мин сом Эшперов айылынын көчөлөрүнө кум шагыл төгүүгө; Жер-Үй,Ак-Сай айылдарында таза суу түтүктөрүн орнотууга арык казууга керектелүүчү куйуучу майларды алууга жумшалсын
-31 113 290 “Курулмаларды алуу жана куруу”беренсинен” жалпы 274,0 мин сом а.и. 216,0 мин сом Ак-Сай айылындагы таза суу системасын реаблитациялоого; 57,7 мин сом Ак-Сай айылындагы таза суу системасына фильтр алууга;
-31 123 230 “Кенсе кызмат кылууларын алуу”беренесине 95,0 мин сом Ак-Сай,Көк-Сай айылдарынын таза суусуна компьютер жана принтер алууга жумшалсын
4. 70921 мектеп бөлүмүнүн
- 22 211 100 “Имараттарды жана жайларды учурдагы ондоо” беренесине жалпы 50,4 мин сом а.и. 30,5 мин сом Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде; 19,9 мин сом Ж.Жамгырчиев атындагы орто мектебинде учурдагы ондоо иштерин жүргузүүгө курулуш материалдарын алууга жумшалсын
-22 211 300 “Жабдууларды жана шаймандарды учурдагы ондоо” беренесине жалпы 24,7 мин сом а.и. 14,0 мин сом Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин ашканасына конвектор алууга ; 10,7 мин сом Ж.Жамгырчиев атындагы орто мектебиндеги муздаткычты ондоого электромотор жана насос алууга жумшалсын
-22 211 200 “Курулмаларды учурдагы ондоо” беренсине 8,0 мин сом М.Дөгдүров атындагы орто мектебинин жанындагы трансформаторго электроматериалдарды алууга жумшалсын
22 154 900 “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”беренсине 32,5 мин сом айылдардагы балдар аянтчаларынын инструктор-кароолчусунун эмгек акысын жана соц фондго чегерүүсүн төлөөгө берилсин.
5.Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды аткарууга байланышкан финансылык операцияларды жүргузүп берүү КР КМ Тон башкармалыгынан суралсын.
6.Акча каражатын өз багытында чыгымдоо финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.К.Көөкөровго милдеттендирилсин.
Төрага:: | Ж.Мамбетов. |