Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-октябры №29
Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара укугун берүүгө тоорук өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчпа башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 4-бөлүмүнө ылайык Депутаттардын Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 17-сессиясы “Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарада пайдалануу укугун берүү” боюнча маселени карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарада пайдаланууга алып, ижара мөөнөтү аяктаган жер тилкелери “Айыл чарба жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун” негизинде торукка коюлсун.
2. Тоорук өткөрүү 2018-жыл 30-ноябрга белгиленсин.
3. Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекттик фондунун жерлерин ижара укугун берүүгө тоорук өткөрүүлөрү жөнүндө маалыматтык билдирүү, кулактандыруулар таркатылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы И. К. Көөкөровго тапшырылсын.
Төрага:: | Ж.Мамбетов. |