Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №31
Болот Мамбетов айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Коңурбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп бөлүмүнүн
22 154 900 “Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу чыгымдар” беренесиндеги Жер-Үй айылындагы А. Көлбаев орто мектебинин проектисин мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө каралган 55 000 сом, Жер-Үй айылында курулган кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземине жумшалсын.
2. 70111 аппарат бөлүмүнүн
- 22 154 900 “Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу чыгымдар”
беренесинен “Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелелеринде кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби” жөнүндө токтомдон 2 даана 500 сомдон 1000 сом жумшалсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды аткарууга байланышкан финансылык операцияларды жүргүзүп берүү КР КМ Тоң башкармалыгынан суралсын.
4. Акча каражатын өз багытында чыгымдоо финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. К. Көөкөровго милдеттендирилсин.
Төрага:: | Ж.Мамбетов. |