Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №12/2
Сопу-Коргон жайыт комитетине берилген техниканы пайдалануу боюнча көрсөткөн кызматы үчүн алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XII кезексиз отуруму Сопу-Коргон жайыт комитетине берилген техниканы пайдалануу боюнча, көрсөткөн кызматы үчүн алынуучу тарифтерди бекитүү максатында маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин жайыт пайдалануучуларынын Сопу-Коргон жайыт комитетине берилген техниканы пайдаланган жарандар техниканы иштеткен учурда, саатына 600 сом каражатты жайыт комитетинен атайын эсебине төгүү жагы белгиленсин.
2.Айыл өкмөттөн башка жактарда жашаган атуулдар жогорудагы техниканы иштете турган болсо, иштетилген ар бир мото/саатка 1000 сом акча жана техника барып келе турган жолго, cарпталуучу күйүүчү майдын акчасын төлөй тургандыгы белгиленсин.
3.Төгүлгөн акча каражатын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн Финансы экономика бөлүмүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Техниканы иштеткен жаран иштете турган жерине чейинки аралыкка барып келүү үчүн керектелүүчү күйүүчү майды өз эсебинен сарптоо жагы белгиленсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Кадыров Бактыбекке жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |