Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-июну №15/1
Алай районунун тургуну Примов Бердибайдын арызын канаттандыруу жөнүндө
Алай районунун тургуну Примов Бердибайдын К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылында жайгашкан жеке менчик жерине спорт комплекс курууга жер тилкесин бөлүп берүү максатында, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Примов Бердибайга К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылында жайгашкан 5-01-01-1004-0007 идентификациялык сыр белгидеги жеке менчик жерине спорт комплекс курууга 2800,00 м кв жер тилкеси чектелип берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |